SerepTV Logo

Кыргызстанда 5 айда 1300дөн ашык өрт кырсыгы катталып, 24 адам көз жумду

Кыргызстанда 5 айда 1300дөн ашык өрт кырсыгы катталып, 24 адам көз жумду

Республикада 5 ай аралыгында 1 миң 302 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бул өткөн жылдагы 5 айга караганда бул жылы кырсык 49 пайызга көбөйдү дегенди билдирет. Ал эми материалдык чыгым 343 миллион сомду түздү. Өрттүн кесепетинен 24 адам каза таап, 31 адам жабыркаган. Өрттөн 10 адам куткарылды. "Статистика боюнча өрт кырсыктарынын 66,1 пайыздан көбү турак-жай секторунда чыгат. 2021-жылдын 5 ай ичинде аталган сектордо 860 өрт кырсыгы катталды. Бул объекттеги өрттөр 153 миллион сом материалдык чыгым алып келип, 17 адамдын өмүрүн алып кеткен", - деп айтылат маалыматта.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="51140,51141,51142,51143"]
edita