SerepTV Logo

Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган дагы бир туннель табылды (видео)

Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган дагы бир туннель табылды (видео)
Жер алдындагы туннель табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан аткезчилик иштерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 24-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунун Кайтпас айылында туннель табылган. Туннель Өзбекстан Республикасы менен чектешкен мамлекеттик чек ара сызыгынын астынан өтөт. Болжолдуу түрдө, бул туннель контрабандалык эл керектөөчү товарларды, курал-жарактарды, ок-дарыларды, мыйзамсыз миграцияны, накталай акчаларды жана баңгизаттарды ташуу үчүн колдонулган. Бул үйдүн ээси Ош облусунда туулган жаран экени аныкталды. Бул тоннелдин туурасы 1,5 метр, бийиктиги 2,1 метр, кыргыз-өзбек чек арасына чейинки узундугу 60 метрди түзөт. Азыркы учурда бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="120752,120753,120754,120755,120756,120757"]