Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Тажикстандын 2 жараны өмүр бою эркинен ажыратылды
Баткен облустук соту Тажикстандын эки жаранын өмүр бою эркинен ажыратты. Сот аларды Кылмыш-жаза кодексинин 380-беренеси "Тынчтыкка каршы кылмыштар" жана 391-беренеси "Талоончулук" боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктары кызматы билдирди.
"Тажиктер ушул жылдын 28-29-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан көп өтпөй камакка алынган. Тажик бийлиги Каххоров менен Юнусовго чыгарылган өкүм боюнча азырынча комментарий бере элек. Аскар Юнусовдун атасы Абдулазиз Юнусов өкүм 14-сентябрда чыкканын билдирди. Анын айтымында, сот отурумдары жабык өтүп, сот залына айыпталуучулардын жакындары киргизилген эмес", - деп айтылат маалыматта.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Баткен облустук сотуна кайрылганда, маалымат даярдалып жатканын айтышты.