SerepTV Logo

"Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасында ири көлөмдөгү коррупция аныкталды

"Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасында ири көлөмдөгү коррупция аныкталды
"Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасында ири көлөмдө мазут сатып алуу боюнча жасалма документтер пайдаланган. Анын негизинде мамлекетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти. "Кыргыз жылуулук энерго" ишканасынын жооптуу кызматкерлери ишкердик субъектилер менен алдын ала макулдашып алып, мазут сатып алуу боюнча финансылык жасалма документтер колдонулганы аныкталды. Бул коррупциялык көрүнүш бүткүл республиканын калкын жылуулук менен камсыз кылууга терс таасирин тийгизет. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 10 миллион сомдон ашык зыян мамлекетке өндүрүлдү", — деп берилет маалыматта. Учурда УКМК тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.
Unknown Author