SerepTV Logo

Кыргыз жарандарын Европа менен АКШга мыйзамсыз жөнөткөн аялдын иши сотко өттү

Кыргыз жарандарын Европа менен АКШга мыйзамсыз жөнөткөн аялдын иши сотко өттү
“Грин Лайт Компани” компаниясынын директору болгон 1986-жылы туулган Кыргыз жараны чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга уруксаты жок туруп, 40 кишиден турган Кыргыз жарандарынын тобун чогултуп алып, Европа жана АКШ өлкөлөрүнө алып өтүү максатында чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Украинанын аймагы аркылуу Молдованын аймагына жеткиришкен. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Бул жаран чет элдик жарандар менен келишим түзүп алып, Кыргыз жарандарын Молдовада 5 айдан ашык кармап, аларды круиздик жана жүк лайнерлери менен бир нече жолу АКШ жана Европа өлкөлөрүнө ташууга аракет кылган. Натыйжада, Молдованын укук коргоо органдары Кыргыз жарандарына кылмыш ишин козгоп, кийин алар депортацияланган. Көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө 31 кылмыш иши козголуп, жалпысынан 20 миллион сомго жакын зыян келтирилип, иш сотко жөнөтүлдү.