SerepTV Logo

"Кыргыз аялдарынын намысына шек келтирген". Орусияда кыргызстандык блогер мекендештер тарабынан сабалды (видео)

"Кыргыз аялдарынын намысына шек келтирген". Орусияда кыргызстандык блогер мекендештер тарабынан сабалды (видео)

Москвада кыргызстандыктар мекендеш блогерди түз эфирде сабап салышты. Окуянын видеосу Санжар Калматай YouTube каналына жарыяланды. Бул тууралуу 24.кж жазып чыкты.

Анда белгиленгендей, тиктокчу Каныбек Кудайбердиев кыргыз кыздары катышкан видео тартып, аларды уятсыз иштерге үндөп, мунун арты менен популярдуулукка ээ болоорун убада кылган. Кыргыз кыздар тапшырмаларды аткарышкан. Видеодо көрсөтүлгөндөй, кыздардын айрымдарынын жашы жете элек.

Мына ушундай видеодон кийин Москвада жашаган кыргызстандыктар блогерди таап, кыргыз аялдарынын намысына шек келтиргени үчүн аны унаага салып сабап салышкан. Кыргызстандыктар бул жоругун түз эфирде көрсөтүштү. 

https://youtu.be/CW5JVITohC0