SerepTV Logo

"Кылмышты боюнда бар аялы кылган деп..." Жалал-Абадда өгөй кызынын өлүмүнө шектелген жаран 15 жылга кесилди

"Кылмышты боюнда бар аялы кылган деп..." Жалал-Абадда өгөй кызынын өлүмүнө шектелген жаран 15 жылга кесилди
Жогорку Сот кичинекей кыздын өлтүрүлүшү боюнча өкүм чыгарды. Сузактын 36 жаштагы тургуну (кыздын өгөй атасы) 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу "Справедливость" укук коргоо уюмунан билдиришти.
2019-жылы Сузак районунда 2 жарым жаштагы кыз өлтүрүлгөн. Райондук сот ошол эле жылы кыздын апасын 7,5 жылга соттогон. 2020-жылдын январь айында соттун өкүмүнүн аткарылышы келиндин боюнда болуп, баласы 14 жашка чыкканга чейин убактылуу токтотулган. "Келиндин туугандары анын күйөөсү алдап, кылмыш ишин моюнган алдырды деп жүрүшкөн. Ал келинге боюнда бар үчүн ал көп жылга соттолборун, кийин унаасын сатып, абактан чыгарып алууну убадалаган. Ал эми сотто анын нес абалынан пайдаланып, келинге жалаа жапкан", - деп айтылат маалыматта. Жалал-Абад облустук соту биринчи инстанциядагы соттун чечимин прокуратуранын аралашуусу боюнча жокко чыгарган. Прокуратура кыздын өлүмүнө өгөй атасы тиешелүү деген вариантты карай баштаган. Прокуратурадан кыздын денесиндеги тактар апасы айткандай, телефон кубаттагычтын зымынан алган жаракаттарга окшоборун байкашкан. Мындан тышкары, облустук прокуратура соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна шилтеме жасап, анда: боордун жарылышы, колунда, бутунда жана башындагы көгала тактар жана кулагындагы жаракатка көңүл бурушкан. Ошондой эле үй-бүлөдөгү үрөй учурган окуялар иштин материалына тиркелген. Анда өгөй ата кызды ыйлабасын деп, аракка калемпир кошуп ичирген. Кыз атасын көргөндө заара ушатып жиберчү. Сузак райондук соту өгөй атаны 4,5 жылга кескен. Аны этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү беренесине шектешкен. Бирок прокуратура менен маркумдун жакындары бул чечимге макул болушкан эмес. Кийин сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Бирок кайра берилген даттануу менен иш кайра каралып, өгөй ата адам өлтүрүү беренеси менен 15 жылга соттолду.