SerepTV Logo

Күбө Ысык-Көлдө сууга чөккөн 4 жашар кызды шамал айдап кеткенин айтты

Күбө Ысык-Көлдө сууга чөккөн 4 жашар кызды шамал айдап кеткенин айтты
18-июль күнү Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен 4 жашар кыздын окуясы боюнча ӨКМ күбөлөрдүн маалыматы менен бөлүштү. "Тору-Айгыр айылында 5 киши баллон менен эс алып жаткан. Бир учурда шамал болуп, аларды алыска айдап кетти. Жергиликтүү тургундар кайык менен 4 жаштагы кыздан башка 4 жаранды алып чыгышкан", - деп жазылат маалыматта. Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кичине кыз жапайы пляжда көлгө чөгүп кеткени тууралуу маалымдалган.