Кубакы ашуусунда оор жүк ташуучу унаа жардан кулап, 2 адам көз жумду (сүрөт)
Бүгүн, 18-июнда болжол менен саат 04:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында (Кубакы ашуусу) MAN оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жардан кулап кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши (аты-жөндөрү такталууда) каза болгон. Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандардын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="56679,56680"]