SerepTV Logo

Курсан Асанов 2 айга камакка алынды

Курсан Асанов 2 айга камакка алынды
Бүгүн, 28-январда Биринчи Май райондук соту ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду СИЗО-1 абагына камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды. Асанов 26-мартка чейин тергөө абагында болот. Ал 26-январда имаратты басып алууга шектелип кармалган. Курсан Асановго Жазык кодексинин 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) боюнча да айып тагылууда. Ал октябрдын башындагы башаламандыктан кийин өзүн ички иштер министринин милдетин аткаруучу деп жарыялап, бул тармакты көзөмөлдөп баштаган болчу.
edita