Куралдуу жаңжал болуп жаткан өлкөлөргө адамдарды жөнөтүү үчүн акча чогултуп жүргөн жаран кармалды
УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын ишин каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган контртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжалдар болуп жаткан аймактарга адамдарды жөнөтүү үчүн акча каражаттарын чогултуп жүргөн.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.