SerepTV Logo

Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева сурактан чыкты

Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева сурактан чыкты
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин коомдук кеңешчиси Кундуз Жолдубаева ИИМге сурак берип чыкты. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда, сурак болжол менен 1 саатка созулган. Ал 5-6-октябрдагы башаламандыкка байланыштуу күбө катары суралып жатат. "Сурактан чыктым. Эч нерсе айта албайм. Себеби мен маалыматты жашырууга кол койдум", - деп жазды ал.

2020-жылы 5-6-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого каршы митингдер болгон. Андан кийин башаламандыктар башталган. 6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга аргасыз болгон.

edita