"Кумтөр". Башкы прокуратура 2019-жылга чейинки коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин козгоду
Башкы прокуратура Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн "Кумтөр" алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиясынын материалдарын изилдеп, коррупциялык мыйзам бузууларды аныктады.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 1992-жылдан 2019-жылга чейин Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдары «Кыргыз алтын» ААКтын жетекчилиги менен биргеликте канадалык «Камеко», «Центерра Голд Инк» компанияларынын, ошондой эле «Кумтөр Оперейтинг Компани» жана «Кумтөр Голд Компани» компанияларынын өкүлдөрү менен материалдык жана башка кызыкчылыктарды көздөп, туруктуу байланыштарды түзүшкөн. Кумтөр алтын кенин канадалык компаниялар тарабынан жоопкерчиликсиз иштетилиши үчүн Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келген бир катар макулдашууларды түзүп, анын кесепетинен жаратылыштын кайра калыбына келишине мүмкүн болбогон эбегейсиз бузууларга, сарамжалсыз пайдаланууга жол берилген жана мамлекетке миллиарддаган зыян келтирилип, Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч жаралган.
18-майда бул фактылар Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү (коррупция) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.