"Кудай сактады". Чүйдө 15 жаштагы өспүрүм агасынын унаасын сурабай айдап чыккан
Чүйдө жол тескөөчүлөр уурдалган унааны айдап бара жаткан 15 жаштагы өспүрүмдү токтотушту. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15 жаштагы өспүрүм агасынын унаасын уруксатсыз айдап кеткен. Жол инспекторлору эреже бузган айдоочуну байкап, токтоого буйрук беришкен. Бирок ал буйрукка баш ийбей, бир нече кооптуу абал жаратып унааны токтотпой айдап кете берген. Видеодон инспектордун автоунаа аз жерден автобустун астына кирип кете жаздаганын айтканын угууга болот.
Окуядан эч ким жабыркаган эмес, унаа айып короого токтотулуп, өспүрүмгө жана анын үй-бүлөсүнө карата тергөө иштери башталды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram