SerepTV Logo

Кубанычбек Жумалиевдин баш коргоо чарасы 10 күнгө узартылды

Кубанычбек Жумалиевдин баш коргоо чарасы 10 күнгө узартылды
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин баш коргоо чарасы 10 күнгө узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, эми ал 14-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында болот. Мындай чечим сот тарабынан кечээ, 31-мартта чыгарылган. Белгилей кетсек, 4-февралда парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Анда ага сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен иш ачылган. Ошондой эле УКМКнын маалыматы боюнча Жумалиевге таандык Эл аралык медициналык университетке лицензия берүүдө коррупциялык схема аныкталган. Аны менен катар Жумалиев билим берүү жаатындагы мыйзам долбоорлорун лоббирлөө үчүн кысым көрсөтүү жана алардын саясий таасирин пайдалануу менен лицензияны мыйзамсыз алган. Мындан тышкары, Жумалиевге байланыштуу адамдар тарабынан кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана салык төлөөдөн баш тартуу, мыйзамсыз баюу фактылары аныкталган болчу.
edita