Кримтөбөл "Алтуханын" баш коргоо чарасы өзгөртүлдү
"Алтуха" каймана аттуу кримтөбөл Алтынбек Ибраимовдун баш коргоо чарасы үй камагынан эч жакка чыкпоо тил катына өзгөртүлдү. Бул туурасында Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Мындай чечим 4-мартта кабыл алынган. Ал УКМК тарабынан январь айында кармалган эле. Буга чейин аны ИИМге чакырышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Криминалдык милициядан "коомдук тартипти сактоо жана мыйзамдарды бузбоо жоопкерчилиги туурасында" айтышкан. Ал тургай расмий эскертүү да берилген болчу.