Козу карын тергени кетип, кайтпай калган. Ысык-Көлдөгү капчыгайдан 17 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды
Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Жети-Өгүздө 17 жаштагы өспүрүмдүн козу карын тергени кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Ошондой эле кечээ, 19-июлда кеч киргендиктен аны издөө убактылуу токтотулганын айтышкан.
Бүгүн, 20-июлда анын жансыз денеси табылганын билдиришти. "19-июлда Барскоон капчыгайына козу карын тергени чыгып кеткен Кичи-Жаргылчак айылынын 17 жаштагы тургунунун дайынсыз жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат саат 18:00 чамасында Жети-Ɵгүз райондук Ɵзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө түшкөн. Мындан улам кечээ издѳѳ иштери жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу токтотулган",- деп айтылат маалыматта.
Бүгүн саат 05:20да баланын сөөгүн туугандары табышкан. Ал эми анын сөөгүн ӨКМ кызматкерлери тоодон түшүрүп беришкен.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="127670,127671,127672"]