Космосбек Чолпонбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү
Мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин баш коргоо өзгөртүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, анын баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө тил катына өзгөртүлгөн. Мындай чечим сот тарабынан 26-мартта чыгарылган.
Чолпонбаевге 2020-жылдын сентябрында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пандемия учурунда консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча мыйзамсыз келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын зыян келтирген деген айып тагылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
2020-жылдын 13-ноябрында жүрөгүнө операция жасалган. Операциядан кийин үйүндө дарыланып жаткан.
Эске салсак, Каржы полициясы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон болчу.