SerepTV Logo

Космосбек Чолпонбаев 15-мартка чейин үй камагында болот

Космосбек Чолпонбаев 15-мартка чейин үй камагында болот
Мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15-мартка чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Чолпонбаев 2020-жылдын сентябрында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пандемия учурунда консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча мыйзамсыз келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын зыян келтирген деген айып тагылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 2020-жылдын 13-ноябрында жүрөгүнө операция жасалган. Операциядан кийин үйүндө дарыланып жаткан. Эске салсак, Каржы полициясы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон болчу.
edita