SerepTV Logo

Көрдүн баасы 5 миң долларга чейин! УКМК кылмыш ишин козгоду

Көрдүн баасы 5 миң долларга чейин! УКМК кылмыш ишин козгоду
УКМК тарабынан системалык коррупциялык иштерге бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек мэриясынын «Бишкек маркумду акыркы сапарга узатуу кызматы» мамлекеттик ишканасындагы туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, аталган ишкананын жеке кызматкерлери маркумду көмүү иш-чараларында аларды башка көрүстөндөргө коюлган деп каттоодон өткөрүп, расмий документтерди жасалма жол менен Чоң-Арык айылындагы Түштүк-Батыш көрүстөнүнө көмүүгө 1 миңден 5 миң долларга чейин акча каражаттарын сый акы катары алып жүрүшкөн. 18-майда УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын алкагында, маркумдун сөөгүн Чоң-Арык айылындагы консервацияланган көрүстөнгө коюу үчүн 40 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен ишкананын кызматкери кармалды. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда УКМК «БМАУ» ишканасынын мындан ары мыйзамсыз иштерге катышкан кызматкерлерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери жүрүп жатат. Түштүк-Батыш көрүстөнү бекер жер тилкелеринин жоктугунан, 2021-жылдын 1-январынан тартып жабылган. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="47563,47564,47565"]
edita