SerepTV Logo

"Коркутуп, колун скотчтоп...". Бишкекте каракчылыкка шектелген жигит кармалды

"Коркутуп, колун скотчтоп...". Бишкекте каракчылыкка шектелген жигит кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-сентябрда шаардык милицияга аял киши кайрылып, кечинде белгисиз жаран Ак-Босого конушундагы үйүнө кирип, электрошокер менен коркутуп, арыз ээсинин колун скотч менен байлап, 12 миң сом уурдап кеткенин айткан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренесине ("каракчылык") ылайык кылмыш иши козголду. Укук коргоо кызматкерлери 21 жаштагы шектүүнү кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Тергөөнүн версиясы боюнча, жигит башка каракчылык иштерге да катышкан.