SerepTV Logo

Коргоо министрлиги аскердик тик учактын кулаганын расмий тастыктады

Коргоо министрлиги аскердик тик учактын кулаганын расмий тастыктады
Кыргызстандын Коргоо министрлиги аскердик тик учактын кулаганын расмий тастыктады. «17-январда машыгуу учурунда Абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы авариялык түрдө катуу конууга мажбур болгон. Жабыркагандар бар», - деп билдирди Коргоо министрлиги. Коргоо министрлигинин кызматкерлери окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат. Тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат кийинчерээк жарыяланат.