SerepTV Logo

Коргоо министрлиги Алай районуна шашылыш конууга аргасыз болгон тик учак боюнча эмне дейт?

Коргоо министрлиги Алай районуна шашылыш конууга аргасыз болгон тик учак боюнча эмне дейт?
Коргоо министрлигинен Алай районунда шашылыш конууга мажбур болгон МИ-8 тик учагы боюнча маалымат беришти. "Бүгүн, 4-июнда Ош облусунун Ноокат районунда Абадан коргонуу күчтөрүнүн МИ-8 тик учагы шашылыш түрдө конууга аргасыз болду. Учакта 10 чакты адам болгон. Жабыркагандар жок. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, 3 киши жеңил жаракат алган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.