SerepTV Logo

Коргоо министринин жардамчысы кармалды

Коргоо министринин жардамчысы кармалды
Кечээ, 12-декабрда Коргоо министринин жардамчысы, полковник О.У.Ж кармалды. Министрдин жардамчысы пара алуу фактысына шектелгенин УКМКдан кабарлашты. "Текшерүү учурунда аныкталгандай, О.У.Ж. акчалай сый акы үчүн Коргоо министрлигинин айрым аскер кызматкерлерин карьералык тепкич боюнча дайындоо жана жогорулатуу менен алектенгендиги аныкталган. Алсак, 2024-жылдын 25-майында аталган О.У.Ж. Бишкек шаарынын Аскер комиссариатынын Октябрь райондук бөлүмүнүн кызматкери О.Т.Б.дан Коргоо министрлигинин аймактык бөлүмүнүн комиссариатына которуу үчүн 100 000 сом алган", - деп айтылат билдирүүдө. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 12-декабрда полковник О.У.Ж. Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун аскер комендатурасынын башкармалыгына киргизилди.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от КР УКМК | ГКНБ КР (@gknb.official)