SerepTV Logo

Кордайдагы кардан улам жолдон чыгып кеткен 4 унааны кыргыз куткаруучулары алып чыгышты

Кордайдагы кардан улам жолдон чыгып кеткен 4 унааны кыргыз куткаруучулары алып чыгышты
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун бүгүн, 15-декабрда саат 11:20да берген маалыматында куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун жетекчиси Ырысбек Жолдошбаев жетектеген ыкчам топ куткаруу иштерин башташты. Казакстандын Кордай районунун Кордай – Отар аралыгы 80 чакырымдык унаа жолунун Кордай ашуусунда карга тыгылып калган жана жолдон чыгып кеткен 3 оор жүк ташуучу, 1 жеңил унааны чыгарышты. Мындан тышкары, Аламүдүн районундагы Ак-Жол өткөрмө постунда жайгашкан "Бишкек – Алмата" кафесинде 150 адамга ылайык жылынуучу жай уюштурулду.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="219134,219135,219136,219137"]