SerepTV Logo

Көпүрөдөн табылган сөөк. Милиция денеден күч колдонулган белгилерди тапкан жок

Көпүрөдөн табылган сөөк. Милиция денеден күч колдонулган белгилерди тапкан жок
Бишкекте түндө Кийизбаева жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн алдынан табылган аялдын денесинен күч колдонуп өлтүрүлгөн белгилер байкалган жок. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук ИИБинен билдиришти. Маалыматка караганда, маркум 45-50 жаштардагы, европа түспөлүндөгү аял. Бул факты райондук милициянын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Көпүрөнүн астынан жансыз дене табылганы тууралуу маалыматты ӨКМ тараткан. 5 куткаруучу сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Unknown Author