SerepTV Logo

Коомдук транспортто жашы жете элек кызга ыдык көрсөткөн жаранга "майда бейбаштык" үчүн айып салынды

Коомдук транспортто жашы жете элек кызга ыдык көрсөткөн жаранга "майда бейбаштык" үчүн айып салынды
Бишкекте маршруттук таксиде аялдарга, алардын катарында 13-14 жаштагы жашы жете элек кызга ыдык көрсөткөн жаран кармалып, ага майда бейбаштык беренеси менен кылмыш козголду. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты. "Ыкчам-иликтөөнүн жыйынтыгында 1993-жылы туулган жаран кармалды. Анын кылыктарынан майда бейбаштыктын белгилери байкалып, 126-берене боюнча кылмыш козголгон. 8-июлда Октябрь райондук соту ага 5500 сом айып пул төлөө чечимин чыгарган", - деп жазылат маалыматта.