SerepTV Logo

Элди нааразы кылган Ош шаарындагы "Манас-Ата" кафеси жабылды

Элди нааразы кылган Ош шаарындагы "Манас-Ата" кафеси жабылды
Ош шаарындагы «Манас-Ата» кафеси  жабылды. Бул тууралуу Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан маалымдашты. Маалыматка ылайык, текшерүү Ош шаардык прокуратурасынын актысынын жана жарандардын арызынын негизинде жүргүзүлгөн. "Манас-Ата» кафеси текшерилип, бир катар кемчиликтери үчүн 41 миң сом айып пул салынды. Даяр тамак-аштардын үлгүсү лабораторияга жиберилген. Изилдөөнүн натыйжасында тамак-аштан аныкталган кемчиликтер үчүн санитардык-гигиеналык норма сакталбаганы үчүн кафе ээси Бахтияр Гуламовго 23 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынган. Азык-түлүктү сактоодо кетирген каталары үчүн башкы ашпозчусуна 13 миң сом айып пул салынган. Кафенин айланасы да тазаланбагандыктан 5 миң сом айып пул көрсөтүлгөн. Учурда кафенин иши убактылуу токтотулуп, жууп тазалоо, дезинфекция, дезинсекция, дератизация иш-чаралары жүргүзүлүп жатат", – деп жазылат маалыматта. Буга чейин "Не сахар" долбоорунун тартуучу тобун аталган кафенин администратору ичине киргизбей, ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан. Коомчулукка тараган видео эл арасында талкуу жараткан соң иликтөө иштери башталган.