SerepTV Logo

Колун жууп жатып тайып жыгылып, Чычкан суусуна агып кеткен аялдын сөөгүн издөө иштери убактылуу токтотулду

Колун жууп жатып тайып жыгылып, Чычкан суусуна агып кеткен аялдын сөөгүн издөө иштери убактылуу токтотулду
1-август күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында 1960-жылы туулган аял киши Чычкан суусуна колун жууп жатып тайып жыгылып, сууга агып кеткен. ӨКМдин берген маалыматы боюнча, 6-август жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө Токтогул райондук №97 ӨКБдан 11 куткаруучу, КДМБдан 10 куткаруучу, туугандарынан 10 адам тартылып майнап чыккан эмес. Издөө иштери суу тартылганга чейин убактылуу токтотулду. Учурда куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуна кайтышууда.