SerepTV Logo

Колун жууп жатып тайып жыгылып, Чычкан суусуна агып кеткен аялдын сөөгү дагы эле табыла элек

Колун жууп жатып тайып жыгылып, Чычкан суусуна агып кеткен аялдын сөөгү дагы эле табыла элек
1-август күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында 1960-жылы туулган аял киши Чычкан суусуна колун жууп жатып тайып жыгылып, сууга агып кеткен. ӨКМ 6-августка чейин жансыз денени издеген, бирок майнап чыккан эмес. Ошол күнү куткаруучулар суу тартылганга чейин издөө иштерин токтотушкан. Министрликтин берген маалматына караганда, кайрадан издөө иштери башталып, жерине 20 куткаруучу тартылган.