Колу сынган бейтаптын ооруканада көз жумушу. Министр бөлүм башчы менен дарыгерди жумуштан четтетти
Бүгүн, 23-ноябрда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Клиникалык тез жардам ооруканасына барды.
Министрликтен билдиришкендей, анда бейтаптын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы угулду. Ал бейтаптын өлүмүнүн себептери такталганга чейин бөлүм башчы Бакыт Рахматовду жана бөлүмдүн дарыгерин ээлеген кызматынан четтетүүнү буйруду.
14-ноябрда колу сынып ооруканага түшкөн 38 жаштагы бейтап ооруканада каза болгон. Маркумдун туугандары дарыгерлерди шалаакылык үчүн айыптаган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Өлүмдүн себеби экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот.