13 жаштагы кыздын соту 13-июлга жылдырылды. "Шектүүлөр күнөөнү моюнуна албай жатышат" дейт жактоочу
Бүгүн, 12-июль күнү Свердлов райондук сотунда өткөн 13 жашар кыздын зордукталуусу боюнча соттук отурум 13-июлга жылдырылды. Бул тууралуу жабырлануучунун жактоочусу Тимур Султанов Клооп агенттигине маалымат берип жатып билдирген.
Маалыматка ылайык, күбөлөрдүн бири сотко келбегенине байланыштуу соттук отурум 13-июлга жылдырылган. Учурда 3 адам, эки милиция кызматкери жана "Дордой" базарынын сакчысы зордуктоого шектелүүдө. "Шектүүлөр күнөөсүн моюнуна албай жатат" деп билдирген жактоочу.