Көлдөгү 4 өмүр кыйылган жол кырсык. Аман калган жигит дагы эле жандандыруу бөлүмүндө
Мындан бир апта мурун, тактап айтканда 12-апрель күнү саат 23:14тө Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 204-чакырымында Михайловка айылына жакын жерде жол кырсык болгон. Анда Toyota Camry жана Audi C4 унаалары сүзүшкөн. Алгач 19-20 жаштагы 3 жигит көз жумуп, дагы 3 жигит Түп райондук ооруканасына Тез жардам аркылуу жеткирилгени айтылган. Кийинчерээк ооруканада дагы бир жигиттин каза болгону маалым болгон.
14-апрелде эки жигиттин бирөөсү, 2000-жылы туулган Алмазбек уулу Ынтымак жандандыруу бөлүмүндө экени, ал эми экинчиси, 2000-жылы туулган Турусбек уулу Баатырбек травматология бөлүмүндө жатканы айтылган.
Бүгүн, 19-апрелде СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жол кырсыктан аман калган эки жигиттин ал-абалын билүү үчүн Ысык-Көл облустук ооруканасынын башкы дарыгерине байланышты.
"Алмазбек уулу Ынтымак дагы эле жандандыруу бөлүмүндө комада. Дегеним, ал аппаратта жатат. Эч нерсе сезбейт. Ал эми Баатырбек өзүн жакшы сезип калды. Абалы жакшы", - деди ал.
Ал эми редакцияга өздүк булактар каза болгон жигитердин бири Түп районунун Кең-Суу айылынын тургуну болсо, калгандары Түп айылынын жашоочулары экени, алар ошол күнү Каракол шаарына мончого бара жатканын айтышкан эле.