Бишкекте жана Көлдө 14 жер тилкеси, 4 имараты, 5 батири, 3 хан сарайы бар депутат ким?
Жогорку Кеңештин депутаты мыйзамсыз баюуга шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Коопсуздук комитети тактагандай, А.М.А. саясий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө ээ болуп, анын жалпы суммасы анын расмий кирешесинен бир нече эсе жогору болгон. Мындан тышкары, көмүскө активдерин жашыруу үчүн, аларды жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган өзүнө тийиштиги бар адамдарга каттаткан.
Атап айтсак, соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Каприз" эс алуу борборунда коттедж, 3 хан сарайы жана ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 автоунаа. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиард сомдон ашык сомду түзгөн.
Жогорудагы активдердин келип чыгуусунун мыйзамдуулугун далилдеп берүү максатында A.M.A. аларды сатып алуудан мурун, ал тиешелүү насыяларды финансы-кредит мекемелерине берген. Аталган А.М.А. 2008-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги саясий таасирин колдонуу менен активдерин кыйла көбөйткөндүгү божомолдонууда.
Учурда А.М.А.нын башка активдерин, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган каражаттарды адалдаштырууга катышкан адамдардын чөйрөсүн аныктоо иштери жүрүп жатат.
УКМКдан депутаттын аты-жөнүн так көрсөтүшкөн жок. Бул инициалдарга учурда Жогорку Кеңештин депутаты, мурда Бишкек шаардык кеңештин депутаты болгон Аманкулов Марат Аскерович туура келип жатат.
[gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="28422,28423,28424,28425,28426,28427,28428,28429,28430,28431,28432"]