SerepTV Logo

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экенин айткан мурдагы мэр алдамчылыкка шектелип жатат

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экенин айткан мурдагы мэр алдамчылыкка шектелип жатат
Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Учурда аталган факты боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү “алдамчылык” боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө иштери жүрүп жатат. Алынган маалыматтарга караганда, 2021-жылдын күзүндө шектүү катары кармалган 45 жаштагы М.М. Бишкек шаарынын жашоочусунан 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алган. Шектүү жабырлануучуга алгач күрөө катары Лексус үлгүсүндөгү унаасын, каттоо күбөлүгүн жана ишеним катын калтырган. Бирок көп өтпөй кайра келип, “шашылыш ишим бар” деген шылтоо менен унааны бир аз убакытка кайтарып берүүнү суранган. Ошондон кийин гана ал көздөгөн максатына жеткенден кийин кайра келбей, ал унаасын башка адамдарга сатып жиберген. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал мурда сот жообуна тартылган, криминалдык авторитет менен тыгыз байланышта болгон жана мурда облустардын бириндеги шаардык администрациясын жетектеп келген. Бул факты боюнча тергөө иштери уланууда. Буга чейин өзүн Мирлан Маратов деп тааныштырган адам Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экенин айтып, мыйзамга баш ийерин билдирген. Мирлан Маратов Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри. 2020-жылы “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан.