SerepTV Logo

"Көк-Жардагы үйдөн 50 миң доллар уурдалган". Бишкекте уурулукка шектелген 4 жигит кармалды

"Көк-Жардагы үйдөн 50 миң доллар уурдалган". Бишкекте уурулукка шектелген 4 жигит кармалды
Бишкекте бир нече уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4 -сентябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Август айында ыкчам кызматкерлер Бишкекте уурулук менен алектенген 2 жаран тууралуу маалымат алышкан. Милиция жигиттердин 3-августка караган түнү Көк-Жар конушундагы үйдү тоногон кылмыштуу топко тиешеси бар экенин аныктады. Уурулар үйдөн 50 миң 600 долларды уурдап кетишкен.  Бул факт боюнча Жазык кодексинин 200-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү - 1999, 2003, 1998, 1999 -жылы туулган жигиттерди кармашкан. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.