SerepTV Logo

Кой-Таш окуясы. Атамбаевге соттук-медициналык экспертиза дайындоо демилгеси көтөрүлдү

Кой-Таш окуясы. Атамбаевге соттук-медициналык экспертиза дайындоо демилгеси көтөрүлдү
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланууда. Ал жакка мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары, айылдаштары келишти. Соттук отурумга айыпталуучу, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов алынып келинди. Алмазбек Атамбаев ооруп жатканы тууралуу дарыгердин маалымдамасын берип жиберип, сотко келген жок.  Судья буга нааразычылыгын билдирип, айыпталуучуга соттук-медициналык экспертиза дайындоону тапшырды. Экс-президенттин отурумга катышып жаткан жактоочусу Сергей Слесарев айыпталуучунун оюн билмейинче, эч нерсе дей албай турганын айтты. Судьянын айтканын мамлекеттик айыптоочу колдоп, эбак эле дайындаш керек болчу деген оюн билдирди. Ал эми дагы бир айыпталуучу Равшан Жээнбеков ооруп калганы айтылды, ал коронавирустук инфекцияга чалдыккан болушу мүмкүн. Судья экспертиза дайындоо маселеси боюнча чечим чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетти.
Unknown Author