Ысык-Көлдө катердин бурамасы орусиялык туристтин бутун кесип кетти
Ысык-Көл облусундагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатында катердин учтуу бурамасы (винт) орусиялык эс алуучунун бутун кесип кеткен. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБисинен билдиришти.
"15-июль күнү "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатында эс алып жаткан 43 жаштагы орусиялык жаран кырсыкка учураганы тууралуу аймактык ооруканадан маалымат келип түшкөн. Маалыматка ылайык, парашютту учурган катердин учтуу бурамасы сууда сүзүп жүргөн турист аялдын оң бутун кесип кеткен. Катердин айдоочусу 1996-жылы туулган Чолпон-Атанын тургуну болгон. Жабырлануучу жаракат менен ооруканага жаткырылган. Аталган факты Ысык-Көл ОИИБисине катталды. Тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен чечим чыгарылат", - деп жазылат маалыматта.