Көчөдө унаасы менен итти тебелеп, үстүнөн өтүп кеткен айдоочу милицияга жеткирилди
Жолдо итти сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин социалдык тармактарда Лексус 570 үлгүсүндөгү унаа Көк-Жар айылында жолдон бара жатып итти тебелеп кеткен видеосу тараган. Бул факты боюнча кызматкерлер айдоочунун таап, Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми унаасын айып короо жайына токтотушкан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram