SerepTV Logo

Көчөдө кетип бара жаткан кызды эч себепсиз сөккөн блогер 5 суткага камалды

Көчөдө кетип бара жаткан кызды эч себепсиз сөккөн блогер 5 суткага камалды
Көчөдө кетип бара жаткан кызды эч себепсиз сөккөн блогер 5 суткага камалды. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров билдирди. Маалыматка караганда, мындай чечимди Ош шаардык соту чыгарган.
  •  26-мартта социалдык тармактын колдонуучулары видео менен бөлүшүп, анда блогердин көчөдө кетип бара жаткан кызды эч себепсиз сөккөнүнө нааразы болушкан эле.
  • Бул боюнча юрист Шердор Абыдкапаров ага карата майда бейбаштык менен кылмыш ишин козгосо болорун билдирген. Кийинчерээк блогер туура эмес кылганы үчүн кечирим сураган видео жарыялаган.
  • 27-мартта ал милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан Ош шаарына жеткирилген. 25-мартта блогер Азамат Ормокеев анын үстүнөн арыз менен кайрылган. Ушундай эле мазмундагы арыз менен 26-мартта 2002-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну арыз менен кайрылып, аны 25-мартта Достук көпүрөсүнөн өтүп бара жатканда белгисиз жаран видеого тартып, уят сөз айткандыгын, аны кийин интернеттен, видеодон көргөндугун билдирип, бул жаранга карата чара көрүүнү суранган.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Эртай Искаков (@ertaisfr)