Кочкордо карыяны унаага салып алып коркуткандар убактылуу кармоочу жайга киргизиле элек
Кочкордо 67 жаштагы майып адамды автоунаага салып, коркуткан жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген жок. Бул тууралуу Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин социалдык тармактарда карыя кишини "талаадан, мүрзөдөн өлтүрөбүз" деп коркуткан видео тараганы маалым. Бул факты Кочкор РИИБи тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө видеону тарткан жарандардын аты-жөнү такталып, алар 1993-жылы туулган жана 1994-жылы туулган Кочкор районунун тургундары экендиги аныкталган. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн ошол эле күнү жогорудагы жарандар Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Бүгүнкү күндө Кочкор РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.