SerepTV Logo

Киши сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Киши сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды
Бишкектин Анкара  көчөсүндө киши сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык жол кайгуул кызматынан билдиришти. Социалдык тармактарда 21-февраль күнү белгисиз жаран жолоочуну сүзүп кеткен видео тарап, талкууга алынган. Маалыматка ылайык, окуя саат 09:56 чамасында Анкара көчөсүндө орун алган. Жабырлагнуучу 2001-жылы туулган М.Э. атту өспүрүм экени аныкталган. Ыкчам иликтөө иштерининин натыйжасында бул кылмышка шектелип, "Volkswagen Passat" үлгүсүндөгү унаанын ээси, 1969-жылы туурлган С.Б. аттуу жаран кармалды. Шектүү Ички иштер министрлигинин убактылуу кароочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды.
Unknown Author