SerepTV Logo

Киров суу сактагычынан 13 жана 11 жаштагы өспүрүмдөрдүн жансыз денеси табылды

Киров суу сактагычынан 13 жана 11 жаштагы өспүрүмдөрдүн жансыз денеси табылды

Киров суу сактагычынан эки өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 24-июнда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Үч-Булак айылынын тургундары 2009 жана 2011-жылы туулган 2 эркек бала Киров суу сактагычына чөгүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Кара-Буура райондук №91 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, издөөдө натыйжа болгон эмес. Издөө иштери убактылуу токтотулуп, бүгүн, 25-июнда таң эрте Кара-Буура райондук суучул-куткаруучулары издөө иштерин улантуу учурунда саат 9:27 жана 9:30да эки баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен.