SerepTV Logo

"Киного тартылам" деп кеткен. Чүйдө 15 жаштагы кыз изделүүдө

"Киного тартылам" деп кеткен. Чүйдө 15 жаштагы кыз изделүүдө
Чүй облусунда 15 жаштагы Айара Султанова изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБисинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Айара 18-июнь күнү Кегети айылынан саат 10:00 чамасында тасмага тартылам деп чыгып кеткен боюнча кайрылган эмес. Белгилери: бою 145-150 сантиметр, чачы кара, кыска, каректери кара, кашы калың, кара. Кийген кийими: Ак футболка, кара джинсы. Көрүп-билгендер болсо Чүй ОИИБинин нөөмөт бөлүмүнө чалыңыздар: 0312430127, 0312607225, 313858289, 0552992025 (издөө тобу) же 102.