SerepTV Logo

Кикбоксер Ален Офойонун эмнеге шектелип кармалганы маалым болду

Кикбоксер Ален Офойонун эмнеге шектелип кармалганы маалым болду
Кикбоксер Ален Офойо Бишкекте бир кишинин эки тишин түшүрө урган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 22-октябрда Октябрь РИИБге жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 15:30 чамасында Юнусалиев көчөсүндө ага кол көтөрүп, 2 тишин түшүрө урган адамга карата чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1990, 1982, 1985 жана 1988-жылы туулган жарандар жеткирилген. Алар суралып, бошотулду. Ошол эле учурда экинчи тарап дагы арыз менен кайрылган. Тергөө уланууда.