"Кескиленген кулак-мурдун жерден терип, дарыгерлерге өткөрүптүр" дейт келиндин агасы
20-сентябрда Сокулуктун Селекционное айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң аткыча кыйнаган. Бычак менен келтирилген жаракаттардан соң жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Ага 8 саат оор операция жасалып, 21-сентябрда палатага которулду. Жабырлануучунун агасы жана апасы окуя тууралуу айтып беришти.
"Селекция айылынын аймактык милиция кызматкери өзү барып, ошол жерге кирип, кескиленген кулак-мурду жерде жатканын көрүп, терип келип, дарыгерлерге өткөрүп бериптир. Экспертизага барып, өз көзүм менен көрдүм", - деди агасы.
https://youtu.be/0m1KNcf9QhM