SerepTV Logo

Кербенде унаасында отурган адамга бир нече жолу ок атылган

Кербенде унаасында отурган адамга бир нече жолу ок атылган
Аксыда жаранга ок атып, унаасын айдай качкан жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 9-ноябрга караган түнү саат 02:30 чамасында Аксы районунун 1996-жылы туулган тургуну Кербен шаарында ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаасында отурган кезде, Эрнис (аты өзгөртүлдү) аттуу жигит ок атуучу курал менен 2-3 жолу ок чыгарып, унаасын ээлеп алып, белгисиз тарапка айдап качып кеткен. Жабырлануучу денесинен алган жараатынан улам аймактык ооруканага жаткырылган. Жогорудагы окуя боюнча топтолгон материалдар Аксы РИИБге Жазык кодексинин 39-130-беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, 4 даана октун гилзасы табылып, далил буюм катары алынган. Милиция тарабынан окуяга катыштыгы бар жарандардын аты-жөнү такталып, алар Аксы районунун тургундары 1997-жылы туулган эки жигит экендиги аныкталды. Алар 2 айга камакка алынган. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="83165,83166"]