Кербен – Таш-Көмүр жолунда күйүүчү май ташыган унаа соляркасы менен өрттөнүп кетти (сүрөт)
Кечээ, 23-августта Жалал-Абад облусунун Аксы районунан өткөн Кербен – Таш-Көмүр унаа жолунун 8-9-чакырымында күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып, жол жабылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Мындан улам райондогу №70 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп саат 16:02де, буга кошумча дагы 1 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен унаадан чыккан тилсиз жоо саат 16:38де чектөөгө алынып, 18:07де толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен унаадагы 8 куб соляркасы толугу менен күйгөн. Өрттүн көлөмү чоң болгондуктан натыйжада 15 гектар куураган чөп күйдү.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="197201,197202,197203"]