SerepTV Logo

Кеминдеги үйдүн уктоочу бөлмөсүнөн өрт чыгып, эркек киши күйүк алды

Кеминдеги үйдүн уктоочу бөлмөсүнөн өрт чыгып, эркек киши күйүк алды
Кемин районунун Ильич айылындагы үйдөн өрт чыгып, уктоочу бөлмөсү жана кийим-кечелер күйгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттүн кесепетинен 1978-жылы туулган үй ээси бутунан күйүк алган жана Тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Өрттүн себеби такталууда.