Кеминдеги токойдон чыккан өрттү өчүрүүгө 250дөй адам жөнөп кетти (видео, сүрөт)
Кемин районундагы Кайыңды айылынын түштүк тарабында жайгашкан Кыргыз Ала-Тоосундагы Көк-Жар, Борду коктуларындагы карагай, арчалардан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө бүгүн, 8-сентябрда саат 6:30да ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы баштаган төрт офицердик курам жана Кемин, Чүй, Токмок шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучулары жалпы 50 кызматкер, ошондой эле Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордон 30 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан болжол менен 25 жаран, экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттен 148 кызматкер жөнөп кетишти. Маалыматка караганда, өрттүн жалпы аянты болжол менен 40 гектарды түзөт.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="71519,71520,71521"]